Кирүү

Желин

Желин - сүт эмүүчү жаныбарлардын сүт бези. Кепшөөчүлөр менен бээнин желини чаткаягында, мегежиндин, коёндун желини курсагында жайгашкан. Уйдун желини 3-4 жуп безден пайда болуп, оң жана сол бөлүктөн, анын ар бири алдыңкы жана арткы бөлүкчөдөн, 4 (кээде 6) үрптөн турат. Желин жумшак келип, чоюлгуч, сейрек жүндүү тери менен капталган. Желин көлөмү, узуну, туурасы боюнча сыналат.

Уй желини башка малдын желинине караганда кыйла чоң (көлөмү 15 литр же андан көп). 1 литр сүт пайда болуш үчүн ал аркылуу 500 литрге чейин кан өтөт. Бээ, кой, чебичтин желини эки бөлүктөн турат. Желин өзгөчө ткань - паренхима жана аны бөлүкчөлөргө ажыратып турган тутумдаштыргыч ткандан түзүлөт. Паренхима альвеолалардан - сүт жолунун туюк учундагы майда исиркектен жана сүт түтүкчөлөрүнөн турат. Сүт альвеолалардын ички эпителий клеткаларында пайда болот.

Ой-пикирлер