Кирүү

Агрохимиялык анализ тушунугу

Агрохимиялык анализ — өсүмдүк, тоют, топурак, жер семирткич жана пестициддердин химиялык составын лабораториялык жол менен аныктоо. Агрофизика, агробиология изилдөө ыкмалары менен кошо агрохимиялык анализ топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет. Өсүмдүк анализи өсүмдүк айлана-чөйрөдөн сиңирип алган азык заттардын түрүн, сиңирүү динамикасын, өзгөрүшүн, ошондой эле алардын түшүм менен кошо кеткен биологиялык жана чарбалык чыгымын изилдөөдө маанилүү.

Мындай анализде өсүмдүк сиңирген макро жана микроэлементтер (азот, фосфор, калий, кальций, магний, күкүрт, темир, бор, марганец, жез, молибден, цинк, кобальт ж. б.), маанилүү органикалык бирикмелер (белок, углевод, май, витамин, амин кычкылдары ж. б.), өсүмдүк продукциясынын жана тоюттун сапаты (мисалы, кант кызылчасынын канттуулугу, картошканын крахмалдуулугу, буудайдын белоктуулугу) аныкталат.

Жер семирткич анализи андагы сиңимдүү заттардын санын, түрүн жана кошунду заттардын, суунун болушун, физикалык касиеттери менен реакциясын (кычкылдуулугун же жегичтүүлүгүн) жана башка аныктоодо жүргүзүлөт. Топурак анализинде жер семирткичтин натыйжалуулугун жана өсүмдүктүн нормалдуу азыктанышын көрсөтүүчү касиеттери изилденет, топурактын реакциясын (кычкылдуулугун, жегич менен каныгуу деңгээлин), буфердүүлүгү менен жылып жүргөн азык заттарын, ошондой эле шор топуракта натрий катиону менен шордуулугунун кандай экенин билүүгө болот.

Өсүмдүккө сиңимдүү заттарды изилдөөдө азот, фосфор, калий (кээде магний, күкүрт жана айрым микроэлементтер) аныкталат. Пестицид анализинде отоо чөптү жок кылуучу, зыянкечти жана илдет козгогучту ууктуруучу химиялык бирикменин таасиринин проценттик составы билинет. Агрохимилык анализде түрдүү анализ ыкмалары спектрофотометрия, жалын фотометриясы, туруктуу жана радиоактивдүү изотоптор жана башка колдонулууда.

Ой-пикирлер