Дыйкан деген ким
Дыйкан - феодализм мезгилинде дыйкан эркин болгону менен жери болгон эмес, ал жерди иштетүүчү катары жер ээлигине (айрым феодалга же феодалдык мамлекетке) жалданган. Эреже катары, дыйкандын өздүк менчигине өндүрүш каражатынын бир бөлүгү: айыл чарба шаймандары, үйү, малы, чарбага керектүү курулуштар жана башка кирген.
Дыйкан коомдун негизги табын түзүп, феодалдан арендага алган жер үчүн жер рентасынын үч түрү (милдеттүү иштеп берүү, азык-түлүк жана акчалай салык төлөө) боюнча феодалга көз каранды болгон. Феодализм өнүккөн сайын дыйкандар менен феодалдардын ортосундагы социалдык карама-каршылыктар, тап күрөшүнүн курчушу дыйкандардын ири көтөрүлүшүнүн чыгышына (VIII-XIX кылымдарда Орто Азияда Мукандын, Азербайжанда Бабектин, XVII-XVIII кылымдарда Россияда И. И. Болотниковдун, С. Т. Разиндин, Е. Н. Пугачёвдун жетекчилиги астында дыйкандардын көтөрүлүшү) алып келген.
Бирок, майда, бытыранды дыйкан көтөрүлүштөрү дайыма жеңилип, социалдык негизги максатын ишке ашыра алган эмес. Дыйкан көтөрүлүшү жеңилип калса да феодализм түркүгүнүн бошоңдоосуна жана анын кыйроосуна чоң түрткү берген. Дыйкандардын антифеодалдык күрөшү буржуазиялык-демократиялык революциясынын жеңишинин негизги кыймылдаткыч күчү болгон. Айыл чарбасында капиталисттик мамиленин пайда болушу менен дыйкан таптык шартына жараша үч топтон: майда чарба дыйкан, орто чарба дыйкан жана ири чарба дыйкан -кулактардан турат.
Майда чарба дыйканы
Майда чарбасы же арендага алган жерин өз күчү, өз эмгеги менен иштетет, көпчүлүк учурда өзүнүн жумушчу күчүн сатып оокат кылат. Булар пролетарлар же жарым пролетарлардын негизги катмарын түзөт. Орто чарба дыйкандын өздүк чарбасы болот. Алар ошол чарбасын иштетип, андан түшкөн киреше, пайда менен жашайт. Алар жумушчу күчүн сатпайт бирок, жазгы талаа иштери күчөгөндө жумушчу күчүн жалдашы мүмкүн. Ири чарба дыйкан -кулактар ар дайым жалданма эмгектен пайдаланат, бирөөнүн күч эмгегин эксплуатациялайт. Ушундан улам ири чарба ээлери шаардагы буржуаздар тарабына өтүп, буржуазиялык партияларга кошулат.
Майда чарба дыйкан жалпы пролетарлар кыймылына тартыла берет. Майда жана орто дыйкан экономикалык тегинин эки жактуулугу боюнча узак жана татаал жолду басып өтөт - эмгекчи да, жеке менчикчи да катары коомдук аренага чыгат. Жакырланган дыйкандар кыштактардан шаарга жумуш издөөгө умтулушат. Дыйкандын пролетариатка айланышы феодалдык пролетариаттын калыптануусуна булак катары кызмат кылат. Капитализм мезгилинде дыйкандын экономикалык теги эки жактуу: мээнеткеч эмгекчи жана жеке менчиктүү. Эмгекчи тап катары пролетариатка оосо, жеке менчикчи катары буржуазияга тартат.
Дыйкан буржуазиялык коомдо жумушчуну же буржуазияны ээрчийт, орто жолдо калбайт деген ойду В. И. Ленин баса көрсөткөн. Капиталисттик коомдо жумушчу табы менен дыйкандын кызыкчылыгы негизинен окшош: "дыйкандарды эксплуатациялоо өнөр жай пролетариатын эксплуатациялоодон формасы жагынан гана айырмаланат, ал эми эксплуататор болсо ошол эле - капитал" (Маркс К. жана Энгельс Ф., тандалган чыгармалар , 1-том, 300-бет). Бул көрүнүш капитализмдин тушунда жумушчу табы менен дыйкандын экономикалык жактан союздаш экендигин негиздейт. Бул союзда жетекчи роль жумушчу табына тийиштүү. Империализм шартында, өзгөчө азыркы доордо жумушчу табы менен дыйкан союзунун түзүлүү жана чыңалуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Монополиялардын кысымы менен бийлигине, империализмге каршы күрөштө дыйкан менен жумушчу табынын таламы улам жакындап, союзу чыңалып, элдердин улуттук-боштондук кыймылы күчөйт. Социализм учурунда дыйкандын социалдык-экономикалык жана коомдук абалы түп-тамырынан бери өзгөрөт. Жаңы коом жумушчу табы менен дыйкан союзуна негизделет. Дыйкандын социалдык кайра куруулары В. И. Лениндин кооперация планынын негизинде жүргүзүлүп, майда айыл чарба өндүрүшүнөн ири чарбага айландырылды. Майда жана орто чарбалар өз ыктыяры менен кооперативге бириктирилди. Дыйкандарды кооперативдештирүү алардын табиятын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Майда чачыранды дыйкандар табынан социалдык айыл чарбасында эмгектенген, кооперативдешкен дыйкан табына айланды.
Кооперативге кирген дыйкан бардык белгилери жагынан жумушчу табына жакын. Марксизм-ленинизм эмгекчи дыйкан пролетариаттын ишеничтүү союздашы деп эсептейт. Бирок бул эки таптын ортосундагы айырмачылык социализм учурунда да сакталып кала берет. Бул айырмачылыктарды өндүрүш каражаттары жана аларды коомдоштуруунун деңгээли, уюштуруунун формалары жана эмгек акы төлөө, турмуш тиричиликтеги айырмачылык жана башка түзөт. ССРБ де дыйкан Улуу Октябрь социалдык революциясынын жеңишинен кийин гана помещиктердин, ири өнөр жай жана соода капиталдарынын эзүүсүнөн кутулган.
Жерге болгон жеке менчик жоюлуп, помещиктик жана капиталисттик ири чарбалар конфискацияланды. В. И. Лениндин "Жер жөнүндө декретинин" негизинде бардык жер мамлекеттештирилип, дыйкансыз акысыз жана түбөлүк пайдаланууга берилди. Натыйжада дыйкан мурдагы помещиктик, уделдик, монастырлык жана башка жерлерге ээ болушту. Ошондой эле дыйкан помещиктерге акы төлөөдөн, жер сатып алуудан жана башка бошотулду. Дыйкан Совет бийлигинин алгачкы жылдарында жумушчу табынын жардамы менен комбеддерди (кедейлер комитетин) түзүшкөн. Буларга жардам көрсөтүү үчүн айыл-кыштактарга өнөр жай борборлорунан аң-сезимдүү алдыңкы жумушчулар келген.
Алар ачарчылыкка каршы продотряддарды (азык-түлүк отряддарын) түзүшүп кулактардын артык баш эгинин, жерин жана башка тартып алышкан. Совет бийлиги эмгекчи дыйканды кулактардан коргоп, кулак чарбасын мамлекеттештирген, өздөрүн тап катары жойгон. Орто дыйкан катмарынын өсүүсүнө шарт түзүлгөн, кедейлерге ар тараптуу жардам көрсөтүлгөн. ВКП(б)нын ХV съезди чачкын, майда дыйкан чарбаларын ырааттуулук менен социалдык ири өндүрүшкө тартуунун саясий багытын белгиледи. Дыйкан жапырт колхозго кирип, социалдык өнүгүү жолуна түштү. 1932-жылы дыйкандын 61,5% колхоздорго бириксе, 1940-жылы бул көрсөткүч 96,9 пайызга жеткен.
Дыйкандардын массасынын тарыхындагы улуу бурулуш - жеке менчик чарбадан социалдык коллективдүү өндүрүштүк чарбага, колхоз курулушуна өтүү дыйкандын жүздөгөн жылдар бою эңсеген маселени түбөлүккө туура чечти. Улуу Ата Мекендик согуш (1941-1945) жылдарында өлкө чоң сыноодон өтүп, колхоз дыйкандары Советтик Армиянын жеңиши үчүн оор кыйынчылыктарга карабастан. фронт менен оорукту эң зарыл азык-түлүк жана чийки зат менен камсыз кылып турган. Согуштан кийинки оор жылдарда - кайра калыбына келтирүү жана айыл чарба өндүрүшүн андан ары өнүктүрүүдө да колхоз дыйкандары советтик патриоттуулукту көрсөтүшкөн. Социалисттик айыл чарбанын материалдык техника базасынын ,чыңдалышына жараша колхоздор ирилештирилип, кээ бири совхоздорго айландырылды. Алар техниканы толук жана өндүрүмдүү пайдаланып, ири чарбага айланды.
Колхоз түзүлүшү дыйкандардын материалдык-маданий деңгээлинин өсүшүнө эбегейсиз шарт түздү. Дыйкандардын коомдук жана өздүк чарбадан алган кирешеси 1913-жылга салыштырганда 1985-жылы 15 эсе өскөн. Кыргызстанда дыйкандар Октябрь революциясына чейинки калктын көпчүлүк катмарын түзгөн. Кыргызстанда жалпы калктын 88% айыл-кыштактарда жашап, алардын көбү кыргыздар, булардын ичинен 80% көчмөн болгон. Орус империализминин колониялык саясатынан айрыкча жергиликтүү дыйкандар аябай жапа чеккен. Орус көпөстөрү жергиликтүү дыйкандардын жерин тартып алган. Натыйжада Пишпек уездинде 14,8%, Пржевальск уездинде 47,5% жана башка жерсиз дыйкандар болгон. Кыргызстандагы жердин 85%, малдын 65% байманаптарга таандык болгон.
Кыргызстандагы дыйканчылыкка ыңгайлуу өрөөндөрдүн көбүн орус колониячылары ээлеп, орус дыйкандары менен катар кыргыз кедейлери да аларга жалданып иштөө менен күн көрүшкөн. Айрыкча 1-дүйнөлүк согуш учурунда кыргыз кедей-кембагалдары кош эзүүгө (падышачылык менен жергиликтүү бай-манаптардын) туш болгон. Натыйжада 1916-жылы көтөрүлүш чыккан. Көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү кыргыз дыйкандары, башкача айтканда кедей менен батрактар болгон. Көтөрүлүш ырайымсыз басылганы менен кыргыз дыйкандарынын таптык аң-сезиминин калыптануусун тездеткен, Кыргызстанда революциячыл кыймылдын күчөшүнө түрткү болгон.
Айрым жерлерде кыргыз дыйкандары менен орус дыйкандары биригип эзүүчү тапка каршы эркиндик курөшүнө чыгып, убактылуу өкмөткө дан, салык төлөөдөн баш тарткан. Улуу Октябрь революциясынан кийин большевиктердин жетекчилиги менен кыргыз кедейлеринин "Букара" союзу түзүлүп, дыйкандардын алгачкы Советтери пайда болгон. 1918-жылы большевиктердин жетекчилиги менен Советтерге караштуу жер-суу комитеттери түзүлүп, жер жана айыл чарба шаймандары дыйкандарга бөлүштүрүлүп бериле баштаган.
Айрым ири байлардын чарбалары толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн. Кыргыз айылдарында пролетардык диктатурасынын таянычы - дыйкандар совети менен кедейлер комитеттери түзүлүп, социалдык революциянын кеңири кулач жайышына өбөлгө болгон. Совет өкмөтүнүн азык-түлүк саясатына каршы көтөрүлгөн кулактардын контрреволюциячыл аракеттерин басууда, жумушчуларды азык-түлүк менен камсыз кылууда чоң роль ойногон. Социалисттик курулуш мезгилинде кыргыз калкынын социалдык курамы түп-тамырынан бери өзгөрүп, кыргыз дыйкандары отурукташкан социалдык коллективдүү чарбага өткөн. Майда колхоздор ирилештирилип ири чарбага айланды.
Көптөгөн колхоздор совхозго айландырылды. Республикада 1940-жылы 1732 колхоз болсо, ирилешкенден кийин 1985-жылы 183 колхоз калган. Айыл чарбаны механикалаштыруу, химиялаштыруу жана жерди мелиорациялоо менен дыйкандардын эмгеги жеңилдеп, колхоздордун экономикалык чыңалууда болгон. Айыл чарба өндүрүшүн индустриялаштыруудан колхозчу дыйкандар менен жумушчулардын эмгегиндеги айырмачылыктар акырындап жоюлууда.
Ошондой эле өндүрүштү коомдоштуруунун өсүшү колхоз менчигин мамлекеттик менчикке жакындатып, аларды бирдиктүү коомдук коммунисттик менчикке айландырууга өбөлгө түзөт. ССКП нын 27-съезди, партиянын Май (1982) жана андан кийинки пленумдары өлкөбүздүн Азык-түлүк программасын ишке ашыруу боюнча олуттуу чечимдерди кабыл алды. Дыйкандар жалпы совет эли менен бирдикте бул программаны ишке ашыруу үчүн каармандык менен эмгектенишкен.