Кирүү

Акчабаев Малик

Акчабаев Малик (1932, Ош обл., Ленин району, Хиля кыштагы) - пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979), 1962-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1950-ж. Ленин районундагы Калинин атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1965-жылдан пахтачылык бригаданын бригадири. Анын жетекчилигинде бригада өндүрүштүк тапшырманы мөөнөтүнөн мурда аткарып, 1979-ж. ар гектар жердеги пахтадан 53,5 центнерден түшүм алган. 1975-1980-ж. Кыргыз ССР ЖСинин депутаты. Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978). Ленин ордени менен сыйланган.

Ой-пикирлер