Кирүү

Айыл чарба өндүрүшүн топтоштуруу

Айыл чарба өндүрүшүн топтоштуруу - өндүрүш каражатын, жумушчу күчүн жана продукция чыгарууну ири айыл чарба ишканаларына топтоо процесси. Бул процесс объективдүү мүнөзгө ээ болуп, өндүргүч күчтөр менен техникалык прогресстин өсүү мыйзам ченемдүүлүгүнө негизделет. Айыл чарба өндүрүшүн топтоштуруу капитализмде ага таандык болгон социалдык карама-каршылыктарды курчутат да, айыл чарба өндүрүшүнүн өнөр жай, соода жана банк капиталына көз карандылыгын күчөтөт.

Тескерисинче социализмде айыл чарба өндүрүшүн топтоштуруу, өндүрүштүн натыйжалуулугунун өсүшүнө жана калктын турмуш деңгээлинин жогорулашына алып келет. Айыл чарба өндүрүшүн топтоштурууда айыл чарбасын индустриялык негизге которуунун мааниси чоң. Топтоштуруунун жана индустриялаштыруунун негизинде мал чарба тармактары, айрыкча чочко, үй куш чарбалары чоң ийгиликтерге жетишүүдө. Алсак, топтоштурулган жана механикалаштырылган үй куш фабрикаларында эмгек өндүрүмдүүлүгү колхоз, совхоздордун майда үй куш фермаларына караганда 3-4 эсе жогорулап, өндүрүштүн өз наркы 60 пайызга төмөндөгөн.

Азыркы мезгилде өндүрүштү ургаалдуу топтоштуруунун чарба аралык кооперациясы жана агрардык өнөр жай интеграциясы аркылуу эң жогорку экономикалык натыйжаны камсыз кылат. Өндүрүш процессин ургаалдаштыруу - машина, айыл чарба шаймандарын, химиялык жер семирткичтерди, гербициддерди жана башка өндүрүш каражаттарын колдонуу, соц. айыл чарбанын башкы багыты болуп эсептелет. Топтоштуруу матер.-техн. каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Ой-пикирлер