Айыл чарбасын ургаалдаштыруу
Айыл чарбасын ургаалдаштыруу аянтты кеңейтпей туруп жерди иштетүүнү жакшыртуу үчүн негизги фондуларды арбытып, жаңы техниканы, алдыңкы технологияны колдонуу, эмгекти жана өндүрүштү уюштурууну өркүндөтүп, жердин асылдуулугун жогорулатуу менен айыл чарба продукциясын көбөйтүүнүн жолу. Айыл чарбасын ургаалдаштыруу продукция бирдигине кеткен эмгек жана өндүрүштүк каражат чыгымдарын азайтып, жер аянтынын бирдигинен алынган продукциянын көбөйүшүн камсыз кылат.
Айдоого жарактуу жерлер чектелүү болгондуктан аны ургаалдуу пайдалануу айыл чарбасын мындан ары өнүктүрүүнүн, продукцияны көбөйтүүнүн башкы жолу болуп эсептелет. Өндүрүштүн өнүгүүсүндөгү экстенсивдүү жана ургаалдуу (интенсивдүү) эки жолдун экономикалык мазмунун Карл Маркс ачкан. Өндүрүш жер аянтын жана малдын башын көбөйтүү аркылуу кеңейтилсе, бул өнүгүүнүн экстенсивдүү жолу, өндүрүш каражаттарын натыйжалуу колдонуу аркылуу кеңейтилсе, бул ургаалдуу (интенсивдүү) жол экендигин көрсөткөн. Айыл чарбасын ургаалдаштыруу өсүмдүктөрдүн жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүү, малдын жана үй куштарынын жогорку продуктулуу породаларын асыроону, айыл чарбасын индустриялык негизге пландуу которууну талап кылат. Айыл чарба ургаалдаштыруу процессин төмөнкү эки көрсөткүч аркылуу толук мүнөздөөгө болот.
- 100 га айыл чарба жерине эсептегенде туура келүүчү негизги өндүрүштүк фондунун жана учурдагы өндүрүштүк чыгымдын (амортизациясыз) суммасы;
- 100 га айыл чарба жерине туура келүүчү айыл чарба дүң продукциясынын суммасы;
Биринчи көрсөткүч айыл чарбасын ургаалдаштыруунун материалдык-техника мүмкүнчүлүктөрүн, экинчи көрсөткүч бул мүмкүнчүлүктөрдүн практикада пайдаланылышын, жердин канчалык ургаалдуулук менен колдонулуп жаткандыгын мүнөздөйт.
Жетинчи беш жылдыкта Кыргызстандын эл чарбасынын үлүшү 29% ти түзсө, он биринчи беш жылдыкта 36% ке өскөн. Ар 100 га айыл чарба жерине эсептегенде 1966-1970-жылдарда орто эсеп менен 12,4 миң сомдук негизги жана айланма өндүрүштүк фондулардын суммасы жана 6,2 миң сомдук учурдагы өндүрүштүк чыгымдар туура келсе, 1981-1984-жылдарда алар 37,6 миң жана 15,1 миң сомго чейин же болбосо 3 жана 2,5 эсе өскөн. Ушул эле мезгилдин ичинде ар 100 га айыл чарба жеринен алынган дүң продукция 9,4 миңден 11,5 миң сомго же болбосо 22,3% ке, дүң киреше 5,1 миңден 5,9 миң сомго же 15,7% ке өскөн.