Кирүү

Жданов Леонид Афанасьевич

Жданов Леонид Афанасьевич (29. 04. 1890, Ажар АССРи, Хелвачаур району, Махинжаури кыштагы -1974) - советтик селекционер, ВАСХНИЛдин академиги (1948). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1965). Москва университетин (1914), Москва айыл чарба институтун (1917) бүткөн. Май алынуучу өсүмдүктөрдүн бүткүл союздук илимий изилдөө институтунун Дон тажрыйба селекция станциясында күн карама селекциясы боюнча топтун жетекчиси жана кеңешчиси (1924-жылдан баштап ).

Ждановдун жетекчилиги менен ССРБ де биринчи жолу күн караманын мол түшүмдүү, илдетке туруктуу сорттору (8281, 6432 жана башка ) чыгарылып, ал 20 жыл бою райондоштурулган. Ошондой эле күн караманын майлуулугу жогору Маяк сорту (данынын майлуулугу 49- 51%), кендир, майлуу зыгыр, кунжут, сафлордун мол түшүмдүү сорттору да чыгарылган. ССРБ мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941). Төрт жолу Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Ой-пикирлер