Кирүү

Кан анализи

Кан анализи - кандын физикалык-химиялык касиетин (түсүн, салыштырмалуу салмагын, илээшкектигин, рН ты, уюу ылдамдыгын, эритроциддердин чөгүү реакциясын жана башка ), химиялык курамын (белок, калдык азот, амин кычкылдары, гемоглобин, кант, билирубин, туз, фермент, витамин, гормондорду жана башка ), кан денечелеринин (эритроцит, тромбоцит, лейкоциттердин) түзүлүш өзгөчөлүктөрүн жана 1 мм3 кандагы санын изилдеп аныктоо. Атайын көрсөткүчтөр боюнча кан жугуштуу жана инвазиялуу ылаңдардын козгогучтарына карата изилденет.

Кан анализи аркылуу мал организминдеги билинбеген патологиялык процесстердин, ылаңдарды, организмдин абалын, айрым органдарынын иштешин аныктап, мал интерьерин изилдөөгө, дарылоо жана тоюттандырууга байкоо жүргүзүлөт. Кан, кан сары суусу, плазма изилденет. Эритроцит, лейкоциттердин саны түрдүү эсептегич камераларда (Горяев, Брюкер жана башка ), целлоскоп приборунда, гемоглобин колориметриялык жол менен гемометр приборунда, эритроциттердин чөгүү ылдамдыгы атайын пробирка-эритроседиометрде аныкталат.

Ой-пикирлер