Кене дан өсүмдүгү
Кене дан - сүт тикендер тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Бир түрү - кадимки кене дан бар. Ал бир нече түрчөгө бөлүнөт. Анын ичинен көп эгилгендери: перс, сангвинеус, занзибар жана кытай кене даны (уругунан май алынат). Африкада кене дан бадал же дарак (бийикт. 10 метрдей) түрүндө өсөт. Мурунку ССРБ нин аймагында негизинен перс, сангвинеус кене даны жана гибрид сорттору эгилет. Өзөк тамырлуу өсүмдүк; сабагы (бийиктиги 1-2 метр, айрымдары 4 метрге чейин) түз, бутактанып өсөт. Негизги сөңгөгүндө 5-20 чоң жалбырак өсүп чыгат. Топ гүлү манжа сымал.
Кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү үч уялуу (ар уяда бирден урук болот), тоголок же сүйрү чанак (топ гүлүндө 15-300 чанак болот); 1000 уругунун салмагы 200-500 грамм. Кене данда рицин белогу, рицинин алкалоиди бар; адам жана мал үчүн уулуу. Жылуу (уругу 10°С де өнөт), кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Вегетация мезгилинде (110-150 күн) 25-32°С жылуулукту талап кылат. Уругунан кастор майы (60%) алынып, медицинада, текстиль өндүрүшүндө жана башка пайдаланылат.
Кене дандын күнжарасы мыкты жер семирткич болот. Сабак буласынан кап, жип жасалат; жалбырагы тыт жибек куртунун эри породасына тоют катары берилет. Мурунку ССРБ нин аймагында негизинен Түндүк Кавказ, Украинада эгилет. Негизги сорттору: БСМӨИИИ (Бүткүл союздук май өсүмдүк илимий изилдөө институту) 165, Дон 33/44 жана башка. Кене дан зыянкечтери: зым сымак курттар, күздүкчү үкүчө жана башка; илдеттери - боз чирик жана башка.