Кирүү

Жалтырак өрдөк

Жалтырак өрдөк - эт-жумуртка багытындагы породалык топ. XX кылымдын 40-жылдарында Москва областынын Кучинг асыл тукум заводунда пекин, хаки-кемпбелл өрдөктөрүн жергиликтүү өрдөк менен аргындаштыруудан чыгарылган. Денеси чымыр, төшү томпок, мойну кыска. Канаты боз, өөгү кочкул, башы жашгылтым кара, канаты коңур тартып, жалтырак. Жөжөсүнүн салмагы эки айлыгында 2 килограмм. Кайырмасынын салмагы 3,5 килограмм, чүрөгүнүкү 3 килограмм. Жылына 150 (айрымдары 234) жумуртка (салмагы 80 грамм ) тууйт. Жалтырак өрдөк Орёл, Липецк, Белгород облусунда өстүрүлөт. Кыргызстанда да бар.

Ой-пикирлер