Кирүү

Ашырма план

Ашырма план - ишкана (бирикме) жамааты иштеп чыккан план. Анда көрсөткүчтөр жогорку уюмдар пландагандан ашык болот. Ашырма пландын негизги максаты - өндүрүштүн ички резервдерин табуунун негизинде беш жылдык пландын тапшырмаларын ашыра орундатуу.

Ашырма планды иштеп чыгуу жана кабыл алуу эмгекчилердин чыгармачыл демилгесинин, алардын социалдык мелдешке активдүү катышуусунун бир көрүнүшү. Жогорку пландоо органдарынын ишканадагы бардык резервдерди планда көргөзүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт.

Ал резервдер ишкана кызматкерлеринин демилгеси менен гана табылгандыктан, ашырма план ишкананын өзүндө иштелип чыгат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, малдын пролуктуулгун жогорулатуу, материалдык жана эмгек ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жакшыртууда пайдаланылбаган резервдер бар экендигин көптөгөн колхоз, совхоз жана агрардык өнөр-жай бирикмелеринин тажрыйбасынан көрүүгө болот. Ошондуктан, ал резервдерди таап, толук пайдалануу максатында ашырма план түзүлөт.

Ой-пикирлер