Кирүү

Жалкы жибекчи

Жалкы жибекчи - ыргалмалар тукумундагы көпөлөк; дарак, бадалдардын зыянкечи. Эркегинен ургаачысы чоңдугу, түсү, мурутунун түзүлүшү боюнча айырмаланат. Ургаачы көпөлөгүнүн канатынын (киргил ак же ак саргыл) узундугу 9 сантиметр, эркегиники 5 сантиметр (алдыңкы канаты боз күрөң, арткысы күрөң). Мурунку ССРБ нин аймагынын Европа бөлүгүндө, Азиялык бөлүгүнүн түштүгүндө, анын ичинде Кыргызстандын бардык жеринде кездешет.

Жылына бир жолу тукумдайт. Жаңы пайда болгон жалкы жибекчи көпөлөгү июнь-августта учуп чыгып, ургаачылары дарак сөңгөгүнүн түп жагына, бутакка, дүмүр жана башкаларга тобу менен жумуртка (2000 ге чейин) таштайт. 20-25 күндөн кийин жумурткада малагы пайда болуп, ошол жумуртканын кабыгында кыштап, кийинки жылы жазында чыгат. Ал малактар 300 дөн ашык өсүмдүк түрүнө (эмен, алма, алмурут, терек, кайың, тал жана башка ) зыян келтирет.

Жалкы жибекчи көп көбөйгөн жылдары дарак жалбырактарын бүт жеп, чөп өсүмдүктөрүнө, дан эгиндерине өтүп, ал түгүл бакча өсүмдүктөрүн жей баштайт. Дарактын өсүшүн, мөмө байлашын начарлатат. Жалкы жибекчини мите курт-кумурскалар, таранчы, чар карга, чыйырчык жана башка жеп, санын азайтат. Каршы күрөшүү чаралары: жумуртка, малактарын чогултуп, өрттөп таштоо: полихлорпинен, метофос же хлорофос чачуу.

Ой-пикирлер