Кирүү

Инвазия оорулары

Инвазия оорулары - адамда, малда жана өсүмдүктө мителер пайда кылуучу дарт. Инвазия ооруларын изилдөөчү жана мителерге каршы иш-чараларды иштеп чыгуучу илим паразитология деп аталат. Ылаң козгогучтун зоологиялык топко бөлүнүшүнө жараша инвазия оорулары мите курттар пайда кылуучу гелминтоз, бир клеткалуу организмдер пайда кылуучу протоз (пироплазмоз, бабезиоз, кокцидиоз, нутталиоз жана башка ), мите кенелер пайда кылуучу арахнеоз (котур, демодокоз), курт-кумурскалар пайда кылуучу энтомоз (сайгак ылаңдары), рак сымалдар пайда кылуучу карпиноздорго (аргулёз) бөлүнөт. Инвазия оорулары бардык малда жана бардык өлкөдө жолугат.

Инвазия ооруларынын көбү малды катуу ылаңдатып, кунардуулугун төмөндөтөт; көп учурда мал өлүмгө учурап, эти желбейт. Инвазия оорулары катуу кармаган (2 жумадай созулат) жана өнөкөт (ылаң айлап, ал түгүл жылдап созулат) түрүндө өтүшү мүмкүн. Дарылоо ылаң козгогучтун жана инвазия ооруларынын түрүнө жараша жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер