Кирүү

Айыл чарба статистикасы

Айыл чарба статистикасы - атайын уюштурулган байкоолордун жана эсептөөнүн негизинде айыл чарбанын өнүгүү мыйзам ченемдерин, анын өндүргүч күчтөрү жана өндүрүштүк мамилелери менен бирдикте, ошондой эле өлкөнүн, союздук - республикаларынын, региондук айрым айыл чарба тармактары жана элементтерин изилдөөчү илим.

Айыл чарбасындагы көптөгөн кубулуш жана процесстердин сан жана сапаттык байланышын изилдейт; статистикалык байкоо жүргүзүүнүн программалык-методологиялык жана уюштуруу маселелерин, айыл чарба боюнча статистикалык эсептөө жолдорун, алынган маалыматтарды талдоо ыкмасын жана башка иштеп чыгат. Айыл чарбасындагы көптөгөн кубулуштарды, процесстерди статистикалык жактан изилдөөдө колдонулуучу метод жана ыкмалар айыл чарба статистикасынын методологиясы деп аталат.

Айыл чарба статистикасынын составдык бөлүктөрү:

  • жер фондусу жана жер пайдалануу статистикасы;
  • бардык дыйканчылык жана сугат жер дыйканчылык статистикасы;
  • мал чарба статистикасы;
  • айыл чарба продукция статистикасы;
  • айыл чарба продукциясын даярдоо статистикасы;
  • айыл чарба өндүрүшүнүн негизги жана айланма фонду статистикасы;
  • мелиорация фонд статистикасы;
  • айыл чарбанын механикалаштыруу жана электрлештирүү статистикасы;
  • айыл чарбанын эмгек ресурстары жана эмгек акы төлөө статистикасы;
  • айыл чарбанын экономикалык натыйжалуулугу (эмгек өндүрүмдүүлүгү, продукциянын өз наркы, рентабелдүүлүк ж. б.).

СССРде Айыл чарба статистикасы баарыдан мурда документтеги эсепке жана колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканаларынын, ошондой эле колхоз аралык ишкана жана уюмдардын отчётуна таянат. Маалымат алуунун негизги булагы болгон бухгалтердик отчётунан тышкары, айыл чарба статистикасы атайын уюштурулган байкоо жүргүзүүлөрдүн жана каттоолордун маалыматтарын да пайдаланат.

Статистика органдары бүткүл союздук мал каттоо, көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн каттоо иштерин жүргүзөт, айдоо аянтынын жыйынтык эсебин алат, ар кандай маселелер боюнча тандалма жана туташ иликтөө жүргүзөт, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүн жыйымын жана түшүмдүүлүгүн эсептейт жана башка. Бул статистикалык иштердин мүнөздүү өзгөчөлүгү - колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишкана, уюмдардын ошондой эле чарба аралык ишканаларды, колхозчу, жумушчу, кызматчылардын өз көмөк чарбаларын туташ камтышында.

Статистика теориясы, экономикалык статистика жана башка тармактык статистикалардан тышкары, айыл чарба статистикасы, социализмдин саясий экономиясы, айыл чарба экономикасы, ыктымалдык теориясы, математикалык статистика менен тыгыз байланышта.

Ой-пикирлер