Кирүү

Балык өстүрүлүүчү көлмө

Балык өстүрүлүүчү көлмө - өстүрүлүүчү негизги балыктын (бакма каңылтыр) биологиялык өзгөчөлүгүнө жараша бир нече категорияга бөлүнөт: жайкы (урук таштоочу, чабак өстүрүлүүчү, балык чоңойтулуучу, балык семиртилүүчү), кышкы (балык кыштатылуучу) жана атайын (тукумдук балык сакталуучу, карантиндик жана башка ) көлмөлөр. Урук ташталуучу көлмөдө балык тукумдатылат, мында урук ташталгандан кийин 3-5 күндүк личинка багылат.

Личинка урук ташталуучу көлмөдөн чабактар өстүрүлүүчү көлмөгө алып келинип, 40 күнгө чейин багылат. Балык чоңойтулуучу көлмөдө майда балыктар белгилүү салмакка (стандартка) жеткиче кармалат. Балык семиртилүүчү көлмөдөн (аянты башка көлмөлөрдөн чоң) товардык балык алынат. Балык кыштатылуучу көлмөдө майда балыктар, ошондой эле чарбада кыштатууга калтырылган чоң, балыктар кыштайт. Карантиндик көлмөдө башка чарбадан алып келген балыктар текшерүүдөн өткүчө багылат.

Балык өстүрүүчү көлмөлөрдү мелиорациялоо

Балык өстүрүүчү көлмөлөрдү мелиорациялоо - балык өстүрүүчү жасалма көлмөлөрдүн биотехникалык шартын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси. Ал техникалык жана биологиялык мелиорациялоого бөлүнөт. Техникалык мелиорациялоо иштерине төмөнкүлөр кирет:

  1. Көлмөнү кургатуу жолу менен анын түбүндөгү топурактын суу-аба режимин жакшыртуу;
  2. Көлмөнү чөп (камыш, жекен, балыр жана башка чөп-чарлар) басып кетүүдөн сактоо; көлмөдө өскөн чөптү кол чалгы, атайын камыш чапкыч менен чаап, чөп-чардан тазалап туруу;
  3. Чым көңдүн көлмөнүн үстүнө калкып чыгышына жол бербөө. Бул үчүн чым көңдүү көлмөнүн таманын айдап, чым көңдү майдалайт жана башка иштер;
  4. Көлмөнүн таманын чөгүндү жана башка ар кандай нерселерден (таш, дүмүр, бутак жана башкалардан) тазалоо жана тегиздөө;
  5. Көлмөдө 5-6 жыл балык өстүрүлгөндөн кийин аны кургатып, айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү, ошондой эле көлмөнү акилөө, кальций тузун чачуу жана башка иш-аракеттерди көрүү.

Көлмөнү биологиялык мелиорациялоо ишине сапаты начар, чарбалык маанисиз балыктарды жок кылуу кирет. Ал үчүн судак жана өрдөк баш балыктар, өрдөк- каздар (чарбалык маанисиз майда балыктарды жок кылат) мелиоратор катары пайдаланылат.

Балык өстүрүүчү көлмөнүн гидрохимия режими

Балык өстүрүүчү көлмөнүн гидрохимия режими - көлмөдөгү суунун физикалык -химиялык абалы жана газ менен эриген туздарга каныккандыгына байланыштуу касиетинин өзгөрүшү. Режим көлмөдөгү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жалпы санына, суунун агып чыгышына, температурасына, көлмө түбүндөгү топурак сапатына, көлмөдөн же дарыядан агып келген суунун көлөмүнө жана сапатына, метеорологиялык шартка жараша болот.

Режимдин негизги көрсөткүчтөрү: суудагы суутек менен көмүр кычкыл газынын концентрациясы; азот, фосфор, темир, сульфат, хлориддердин болуусу; суунун реакциясы (рН); кычкылданышы жана шордуулугу. Сууда эриген кычкылтек жаныбарлар менен өсүмдүктүн дем алуусу жана көлмөнүн түбүндө жыйылган органикалык калдыкты ажыратуу үчүн керектүү. Көмүр кычкыл газы (СО2) суудагы жашыл өсүмдүктөрдүн фотосинтезинде пайдаланылат.

СO2 абадан жана органикалык заттардын кычкылдануусу менен суудагы организмдердин дем алуусунан толукталып турат. СО2 нин көп болушу суунун органикалык калдыктар менен булганышын көрсөтөт. Суудагы организмдердин тиричилиги үчүн көлмөлөрдө азот, фосфор, темир жана башка элементтердин сууда эриген туздарынын болушу зарыл.

Ой-пикирлер