Былжыр-чирик илдети
Былжыр-чирик - өсүмдүктүн кеңири таралган илдети. Бул илдетке көбүнчө мөмөсү ширелүү, түймөк тамыр жана тамыры азык өсүмдүктөр, пияз, капуста чалдыгат. Мында өсүмдүктүн тканы бузулуп, эзилип, былжырап чирийт. Илдетти бактерия жана мите козу карын пайда кылат. Алар өсүмдүккө жараат аркылуу кирип, аба, топурак нымдуу болсо илдетти күчөтөт.
Картошка, жашылча, мөмө-жемиштер жыйноо, ташуу, сактоо учурунда да былжыр-чирик илдетине чалдыгат. Каршы күрөшүү чаралары: өсүмдүктү өстүрүүдө фосфор, азот, калий жер семирткичи, микроэлемент (бор, магний) менен кошумча азыктандыруу, талааны илдеттүү өсүмдүк калдыктарынан тазалоо, агро-техникалык ыкмаларын туура жүргүзүү, түшүмдү таза сактоо.
- Кен катар себүү
- Көп жылдык өсүмдүктөр
- Күн өтүү жана ысык оору
- Айыл чарба машиналарын ремонттоо
- Бухгалтерия эсеби
Ой-пикирлер