Кирүү

Амортизация айыл чарбада

Амортизация латын тилинен - төлөө, карызды төлөө болуп которулат. Өндүрүштүк негизги фонду (имарат, курулма, жабдуу, машина) улам эскирген сайын алардын наркын чыгарылган продуктуга өткөрүү. Эгер негизги фонд пайдаланылбай турса амортизациялык чегерүү жүргүзүлбөйт; малга амортизация эсептелбейт. Амортизациялык чегерим өндүрүш чыгымынын элементин түзөт, продукция наркына кошулат да анын деңгээлине таасир тийгизет. Ошол эле мезгилде амортизациялык чегерим капиталдык жумуштарды, негизги фондуну ремонттоо жана жаңылоону финансылоонун бир булагын түзөт.

Негизги фондуну буюм-накталай түрдө калыбына келтирүү тез эле ишке ашырылгандыктан (керектен чыккан негизги фондулар сатып алуу же куруу жолу менен жаңыга алмаштырылат) бардык ишканага (бирикмеге) жешилген (жыртылган) негизги фондуну алмаштыруу үчүн каражат керек болот. Мындан тышкары пайдаланып жаткан жабдууларды, өндүрүш жайларын, машина жана башка негизги фондуларды капиталдык ремонттон чыгаруу жана жаңылоо үчүн бардык эле чарбалык уюмдар акча каражатына дайыма муктаж болот. Ошондуктан амортизация фондусу түзүлүп, анын каражатты негизги фондуну толук (реновация) же жарымын (капиталдык ремонт жана жаңылоо) алмаштырууга жумшалат.

Амортизация фондусу

Негизги фондуларды толуктап туруу булагы; амортизациялык чегерүулөрдүн эсебинен түзүлүп, белгилүү тартипте жана максатка ылайык чыгымдалат. Амортизация фондусунун бир бөлүгү негизги фондулардын пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды толук калыбына келтирүүгө (реновация), экинчиси капиталдык ремонтко жумшалат. Совхоздор Амортизация фондусунун капиталдык ремонтко жумшалчу бөлүгүнүн 10 пайызга жакынын жогорку уюмдардын (Агрардык-өнөр жай бирикмесинин) борбордоштурулган фондусуна берет. Калганы совхоздун өзүндө калып, капиталдык ремонтту финансылоого жана башка жумшалат.

Амортизация чегерими

Эмгек каражатынын (имарат, курулма, станок, машина, трактор жана башка жабдуулар) эскиришине байланыштуу анын наркынан чыгарылган продуктуга белгилүү өлчөмдө чегерүү. Чегерилген нарк акчалай түрүндө амортизация фондусуна топтолот. Амортизация чегерими жаңыртуу (негизги фондуну толуктоого), капиталдык ремонт жана модернизация (жарым-жартылай калыбына келтирүү) чегеримине бөлүнөт. Айыл чарба негизги фондулардын алгачкы наркынан орточо процент менен алар толук эскирип, иштебей калганга чейин чегерилип турат. Негизги фондулардын ордун толуктоо капиталдык курулуш куруу, капиталдык ремонт аркылуу жүргүзулөт. Амортизация чегериминин нормасын толтургандан кийин, ал негизги каражаттарга норма боюнча Амортизация чегериминин бир бөлүгү же капиталдык ремонтко чыгымдалуучу гана бөлүгү чегерилет, ал эми кайра алмаштырууга кетүүчү айыл чарба токтотулат.

Ой-пикирлер