Кирүү

Вильямс Василий Робертович

Вильямс Василий Робертович (09. 10. 1863, Москва - 11. 11. 1939, ошол жерде) - топурак изилдөө боюнча советтик илимпоз. ССРБ илимдер академиясынын (1931), БССРИАнын (1929), ВАСХНИЛдин (1935) академиясынын 1928-жылдан ССКП мүчөсү. 1887-жылы Пётр дыйканчылык жана токой чарба академиясын (азыркы К. А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясы) бүткөн. 1888-1891-жылдары Францияда, Германияда илимий командировкада болуп, ал өлкөлөрдүн айыл чарбасы менен таанышып, бир топ жердин топурагын изилдеген. Россияга келгенден кийин Пётр дыйканчылык жана токой чарба академиясына жалпы дыйканчылык курсун жана топурак таануу боюнча лекция окуган. Анда 1894-жылдан өмүрүнүн акырына чейин топурак таануу кафедрасын башкарган.

1922-1925-жылдары К. А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясынын ректору болгон. Вильямс топуракта органикалык заттарды анализдөө ыкмасын иштеп чыккан. Анын жетекчилиги менен бир нече илимий изилдөө жана тажрыйба мекемелери уюшулган. Орус илимпоздорунун ичинен алгачкылардан болуп шалбаага изилдөө жүргүзүп, аны жакшыртуу ыкмаларын иштеп чыккан. Ал В. В. Докучаевдин топурак жөнүндөгү окуусун улантып, П. А. Костычев менен бирдикте агрономиялык топурак таануу илимине негиз салган.

Топурактын пайда болуусунда биологиялык фактордун негизги мааниге ээ экендигин аныктаган. Вильямс табиятта топурактын өөрчүшүнө негиз болгон заттын биологиялык айланышы жөнүндөгү окууну негиздеген: топурак менен түпкү тоо тектен өсүмдүк сиңирип алган азот жана башка элементтер топурактын үстүңкү катмарына чогулуп (өсүмдүк куурап, өсүшүн токтоткондон кийин), кийин кайрадан өсүмдүккө өтөт. Топурактын пайда болушу жөнүндөгү окуусунда ал органикалык эмес табият бирдиктүү өнүгөт деген идеяны киргизген. Ал чөп талаалуу дыйканчылык системасын иштеп чыккан.

Ой-пикирлер