Кирүү

Канал

Канал (лат. canal - түтүк, ноо) - сугатта - суу агуучу жасалма нук. Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн айдоо аянтына суу жеткирет. Канал - сугат системасынын негизги бөлүгү. Пайдаланышына жараша канал магистралдуу (башкы) же суу жеткирүүчү (дарыя, суу сактагыч жана башкалардан сугат жерге суу жеткирет) каналга, район аралык же чарба аралык суу бөлүштүрүүчү (башкы каналдан суу алып районго же чарбага берет), чарбалык (район же чарба аралык каналдан суу алып, чарбанын сугат жерине берет), сугаруу алдында салынуучу убактылуу каналдарга бөлүнөт.

Дарыя, суу сактагыч жана башкалардан каналга суу алынуучу жерге суу топтоочу курулма курулат. Суу каналга суу топтоочу курулма аркылуу өзү агып келет же насос станциясынын жардамы менен берилет. Каналдын туурасынан кесилиши трапеция, тик бурчтуу, парабола түрүндө болуп, бети жана таманына бетон же темир бетону, курама темир бетону төшөлөт. Бир каналдан экинчисине суу алынуучу жерге суу бөлүштүргүч курулуп, суу ченегич, жөнгө салгыч жана башка менен жабдылат. Канал өтчү жер, каналдын өлчөмү, анда курулуучу гидротехникалык курулмалар техникалык-экономикалык, гидравликалык эсептердин негизинде аныкталат.

Каналды пайдалануудагы негизги көрсөткүчтөр: суу өткөрүмдүүлүгү (каналдагы суунун эң чоң чыгымы - каналдын туура кесилишинен агып өткөн суунун өлчөмү, мг/сек); каналдын аяк жагындагы суу чыгымынын анын башталышындагы чыгымына болгон катышы. Каналдагы технологиялык процесстер автоматтык башкаруу системасынын жардамы менен жөнгө салынат. Керектөөчүлөргө суу тийиштүү өлчөмдө бөлүштүрүлүп, суу бөөдө чыгымга учуратылбайт. Кыргызстандагы ири сугат каналдары - Батыш Чоң Чүй каналы, Чыгыш Чоң Чүй каналы, Чоң Нарын каналы, Чоң Талас каналы жана башкаларды сугат система башкармалары тейлейт.

Ой-пикирлер