Кирүү

Зоотехниялык тейлөө

Зоотехниялык тейлөө - мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик айыл чарба органдары жана айыл чарба адистери жүргүзүүчү иш-чаралар системасы. Адистештирилген зоотехниялык тейлөө тармактары 1934-жылданбаштап түзүлө баштаган. Мурда бул ишти мамлекеттик жалпы агрономиялык тейлөө тармагы аткарган. Райондук жер бөлүмүнүн штатына улуу зоотехниктин жана мал чарба тармактары боюнча зоотехниктердин штаты кошулган. Колхоздорду зоотехниялык тейлөө ишин участкалык зоотехниктер (ар бир райондо 2-4 зоотехниялык участка болуп, ал участкаларды 1-2 зоотехник) тейлеген.

Райондук жер бөлүмү менен участканын зоотехниктери колхоздордо зоотехниялык иштердин бардыгын аткарышкан. 1940-жылы зоотехниялык тейлөөнү өркүндөтүү максатында ар райондун жер бөлүмүндө зооветеринария жана ветеринария фельдшердик пункттар уюшулган. 1950-жылдын башында колхоз малын тейлөө МТСтерге тапшырылып, участкалык зооветеринардык тармак МТСтин карамагына өткөн. 1950-жылдын ортосунда асыл тукум мал өстүрүү чарбалары калыптанып, зооветеринардык тейлөө асыл тукум мал заводу, совхоз-репродуктор жана башка аркылуу жүргүзүлгөн.

Асыл тукум мал өстүрүүчү чарбаларды негизинен жогорку билимдүү адистер (зоотехник, вет-врач) тейлейт. 1958-жылы МТС жоюлгандыгына байланыштуу зоотехниктер мурда өздөрү тейлеген колхоздорго ишке которулган. 1960-жылдардын ортосунан райондук айыл чарба башкармасынын түзүмүнө башкы зоотехник баштаган мал чарба адистери кирген, ал эми чарбаларда (колхоз, совхоз жана башка) мал чарба тармактары боюнча зоотехниктер бар. Райондун айыл чарба башкармасынын карамагындагы зоотехник жана зоотехниялык тейлөө жүргүзүүчү мекемелер 1982-жылдан баштап агрардык өнөр жай бирикмелеринин курамында. Зоотехниялык тейлөө системасына мал чарба маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу илимий изилдөө мекемелери жана башка да кирет.

Ой-пикирлер