Кирүү

Жүзүм өсүмдүгү

Жүзүм өсүмдүгү жалбырактары түшүп, тиричилиги жай жүрөт. Вегетация мезгили шарттуу түрдө 6 фазага бөлүнөт: 1) ширелердин жылышы же жандануу, 2) бүчүр алуу, 3) гүлдөө, 4) мөмө байлоо, 5) толук бышуу, 6) жалбырагы түшүп, кышкы тыныгуунун башталышы. Жүзүм жазында 15-20° С, жайында жана күзүндө 20-25° С де жакшы өсөт. Кышкысын жүзүм сортторунун көбү - 18° С (айрымдары - 28° С) суукка чыдайт. Температура 8-10° С ге чейин төмөндөгөндө өсүүсү токтойт. 40° С ден жогору болсо жалбырагы, мөмөсү күйүп кетет. Жүзүм бир-эки жылдык көчөтүнөн, калемчеден, кыйыштыруу, бутагын көмүү жолу менен көбөйтүлөт.

Ал эми уругунан өстүрүү селекция ишинде пайдаланылат. Жүзүм 34-52° түндүк кеңдикте, 20-40° түштүк кеңдикте өсөт. Мурунку ССРБ нин аймагында Молдавияда, Украина менен Россиянын түштүгүндө, Закавказье менен Орто Азияда таралган. Мөмөсүндө 65-85% суу, 10-33% кант, 0,5-1,4% органикалык кислота, 0,15- 0,9% белок, 0,3-1,0% пектин, 0,3-0,5% минерал заттар, С, Вb В2 .витаминдери, А провитамини болот. Мөмөсү жаңы жана тоңдурулган түрдө тамак-ашка пайдаланылат. Кыям, шире, компот, мейиз жана башка жасалат.

Калдыгынан сегнет тузу, этил спирти, уксус, жүзүм, тартрат кычкылы, уругунан техника май алынат. Дары катары да колдонулат. Жүзүмдүн 4 миңдей сортунун 2 миңдейи мурунку ССРБ нин аймагында өстүрүлөт. Белгилүү сорттору: Ркацители, Рислинг, Ак мускат, Карабурну, Кишмиш жана башка. Кыргызстанда Кызыл тайфи, Акбермет, Алтынай, Алиса жана башка сорттору өстүрүлөт. Жүзүм зыянкечтери: филлоксера, шиңгилчи көпөлөк, жүзүм курт сымагы, желечи кене жана башка Илдеттери: мильд, оидиум, бактериялуу рак, антракноз.

Жүзүмдүн кеберлүү куртчасы

Жүзүмдүн кеберлүү куртчасы - тегиз канаттуулар түркүмүнүн кеберлүү куртчалар тукумундагы соруучу курт-кумурска. Ургаачысынын узундугу 3-4 миллиметр. Денеси кызгылт, жонунда каралжын узун тагы бар, ак кебер менен капталган. Америка, Африка, Азия, Түштүк Европада; мурунку ССРБ нин аймагында Орто Азия, Закавказьеде таралган. Эркеги сейрек кездешип, көбүнчө партеногенез жолу менен көбөйөт. Куртчалар өсүмдүк ширесин сорот. Жабыркаган жалбырак күбүлүп түшөт. Алар бөлүп чыгарган заттарда сапрофит козу карындары өсүп, көөлүү кебер пайда кылат. Кебер баскан мөмө өспөй, пайдаланууга жарабай калат. Каршы күрөшүү чаралары: жүзүмзарга криптолемус жырткыч коңузун коё берүү, ДНОК, тиофос, карбофос жана башка чачуу.

Жүзүм жалбырак түргүчү

Жүзүм жалбырак түргүчү - жалбырак түргүчтөр тукумундагы көпөлөк; жүзүмдүн негизги зыянкечтеринин бири. Канатынын жайылгандагы узундугу 11 -13 миллиметр. алдыңкы канатында бозомук жашыл, саргыч же көгүш боз тактуу жолчолору бар. Малагынын узундугу 6-8 миллиметр. Негизинен Молдавия, ошондой эле Кавказ, Крым, Волга боюна, Орто Азияга таралган. Мурунку ССРБ нин аймагында Европа бөлүгүндө жылына 3, Орто Азияда 4 жолу тукумдайт. Көпөлөгү жүзүм богогуна, мөмөсүнө жумуртка (120 га чейин) таштайт. Жумурткадан чыккан малактар жүзүм мөмөсүн чиритип, жалбырагын чүрүштүрүп, зыян келтирет. Каршы күрөшүү чаралары: малак пайда болгон кезде жүзүмгө хлорофос, севин чачуу жана башка.

Жүзүм жумшарткыч соко

Жүзүм жумшарткыч соко - жүзүмдүн катар аралыктарын айдап, жумшартып, культивациялоочу шайман. Негизги бөлүктөрү рама, асма механизм, тереңдикти жөнгө салуучу бурама механизмдүү таяныч дөңгөлөк, иштөөчү тетиктер, симметриялуулкту текшерүүчү түзүлүш, кергичтер жана параллелограмм механизми. Тракторлорго агрегатталат. Саатына 0,7-0,9 гектар жерди, 6-12 сантиметр тереңдикте жумшартат.

Ой-пикирлер