Кирүү

Бал челек

Бал челек - бакма аары багылуучу атайын жай. Анда аары тукумдап, бал чогултат. Алгач аарынын табигый жашаган жайына окшош ичи оюк дөңгөч бал челек катары пайдаланылган. Азыркы бал белектер ажыратылма болуп, жыгач корпус, бир нече рама, түбү, капкак жана рамалары бар корпустуу же бал алынуучу улаштыргычтан турат. Рамалар 435X300, 435X230 жана 435Х 145 миллиметр өлчөмдө жасалат.

Аары өтүүгө рама менен корпустун каптал жана үстүңкү аралыгы 7,5-8 миллиметр, корпустун түбү менен раманын ортосундагы аралык 20-30 миллиметр болушу керек. Раманын жогору жагына илинген жасалма мом пластиналарына улаштырып, аары мом уясын салат. Ар бир бал челекке аары уюгун бош жеринен бөлгөн тактай (диафрагма) илинет. Тик жана жалпак бал челектер болот. Мурунку ССРБ нин аймагында челектин 3 түрү: эки корпустуу, көп корпустуу жана жалпак бал челек чыгарылат.

Бал челек шайманы

Бал челек шайманы - бал челек короосунда уруна турган аспап, шайман жана машиналар. Бал челек уюгун кароо жана тейлөө үчүн колдонулуучу шаймандар: башка кийүүчү торчо - бетти, моюнду аары чагуудан сактайт. Уч жагы иймек тешкич (стамеска) менен уюкту тазалап, рамаларды жылдырат. Түтөткүч менен бал челекти кароо алдында аарыларды жоошутат.

Щётка менен аарыларды рамадан шыпырат. Эне аарыны убактылуу кармоого же эне аарысы жок уюктагы аарыларды эне аарыга көндүрүүдө зымдан жасалган тегерек бөлүп койгуч колдонулат. Эне аарыны көпкө бөлүп коюу үчүн Титов капасчасы урунулат. Керектелинүүчү майда шаймандар атайын ящикте сакталат. Рамаларды капкактуу көчмө ящикте алып жүрүү керек.

Дарактан чокмороктошкон аарыны алуу үчүн аары салгыч колдонулат. Аарылардын ууручулугуна жол бербөө үчүн уюкту көчүрмө чатырда кармоого болот. Рамаларга мом бекитүүдө шибеге, лекало, таптагыч жана башка шаймандар, ал эми момду эритип алуу үчүн күн жана буу мом эриткичи, мом ныктагыч, бал тартууда эки миздүү бычак, бал тарткыч, бал сакталуучу идиштер пайдаланылат. Бал короодо эмгекти жеңилдетүү, шайман ташуу үчүн арабача колдонулат.

Ой-пикирлер