Кирүү

Көп жылдык өсүмдүктөр

Көп жылдык өсүмдүктөр - эки жылдан ашык өнүп-өсүүчү өсүмдүктөр. Көп жылдык өсүмдүктөр сырткы түзүлүшү жана биологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча өтө ар түрдүү. Көп жылдык чөп өсүмдүктөрү, көп жылдык дарак, бадал тропикте басымдуулук кылат. Алар бир нече жылдан ондогон, жүздөгөн, айрым учурларда миңдеген жылдарга чейин өсөт. Эң узак өскөн көп жылдык өсүмдүктөргө негизинен дарак менен бадалдар кирет.

Мурунку ССРБ нин аймагында дарактардан эмен дарагы 500-1000 (кээси 2000) жыл, кызыл карагай 350-600, кайың 100-150, секвойя, дендрон дарактары 4000-6000, бадал жана бадал сымал өсүмдүктөрдөн арча 500, шыбак 100, терескен 250- 300 жыл өсөт. Көп жылдык өсүмдүктөр жылуу зоналарда жыл бою көк бойдон турат.

Ой-пикирлер