Кирүү

Карбюратор детонациясы

Детонация (французча жарылуу) карбюратор кыймылдаткычында - күйүүчү отундун тез (жарылып) күйүшү. Отун демейдегидей күйгөндө жалындын таралуу ылдамдыгы 25-35 метр/секунда, ал эми детонациялык күйгөндө ылдамдыгы 2000-25000 метр/секундага чейин жетет.

Детонациянын сырткы белгилери: цилиндрде такылдоо, кыймылдаткычта дирилдөө, кара түтүн жана башкалардын пайда болушу. Детонация кыймылдаткычтын тетиктерин ысытып, кубаттуулугун төмөндөтөт, отун көп сарп кылынып, тетиктерди (поршень, шатунь, клапан) тез иштен чыгарат. Отундун химиялык курамы, кыймыладкычтын кысуу даражасы (күйүүчү аралашманын толук көлөмүнүн кысылган аралашманын көлөмүнө болгон катышы), ошондой эле кыймылдаткычтын иштөө режиминин бузулушу детонациянын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Октан саны күйүүчү отундун детонацияга туруктуу экендигин көрсөтөт. Октан саны канчалык чоң болсо отундун детонацияга каршылыгы ошончолук жогору болот. Кыймылдаткычка күйүүчү отун туура тандалса детонация болбойт.

Ой-пикирлер