Кирүү

Азот топтоочу микроорганизмдер

Азот топтоочу микроорганизмдер абадагы молекулалык азотту сиңирип, азоттуу бирикмелерди пайда кылуучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр менен симбиоздо жашаган бактериялар, ошондой эле эркин жашоочу азот топтоочу микроорганизмдер кирет. Азоттун табиятта айланышында жана топурак менен көлмөлөрдү азот бирикмелери менен байытууда азот топтоочу микроорганизмдер чон мааниге ээ (симбиоздук азот топтоочу микроорганизмдер жылына 1 га топуракта 200—300 килограмм азот, симбиоздук эмес а. т. м. 15-30 килограмм азот топтойт).

Азот топтоочу микроорганизмдердин тиричилигинин натыйжасында молекулалык азоттон аммиак пайда болот. Бул процесс составында темир, молибден, магний болгон жана электрондорду ташып туруу милдетин аткарган ферменттик системанын катышуусу менен ишке ашат. Түймөкчү бактериялар чанактуу өсүмдүктөрдүн (буурчак, беде, уй беде, люпин ж. б.) тамырындагы түймөкчөлөрдө тиричилик өткөрүп, өсүмдүк тамыры менен кошо топуракта кийинки эгилген өсүмдүк үчүн азык зат болуучу азот бирикмелерин топтойт.

Түймөкчөлөр ошондой эле ольха, жийде жана башка өсүмдүктөрдүн тамырында жана азот топтоочу микроорганизмдер менен симбиоз болбосо жакшы өсө албаган айрым тропик өсүмдүктөрүнүн тамыр, жалбырагында пайда болот. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдер да активдүү азот топтоочулар. Аларга споралуу анаэробдук бактерия — клостридиум, азот бактериялары, олигонитрифилдер (азотсуз чөйрөдө жакшы өсүүчүлөр, кызыл күкүрт бактериялары, жашыл бактериялар ж. б.) кирет. Көк жашыл балырлардын көбү (азот топтоочу 80 түрүнүн 45и Орто Азияда кездешет), кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топтойт.

Ой-пикирлер