Кирүү

Заргын өсүмдүгү

Заргын - кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир, эки же көп жылдык чөп өсүмдүк. 90 дой түрү белгилүү; мурунку ССРБ нин аймагында 25, анын ичинде Кыргызстанда 5 түрү каптал жерлерде, боздоңдордо жана отоо чөп катары айдоо, огород жана арык жээктеринде өсөт. Жалбырагы канат сымал, тилкелүү, мөмөсү саадак, чачы топ гүлдүү, гүл желекчеси сары.

Эң көп таралганы бир жылдык жаздык жана күздүк бийик заргын, лёзел заргыны, кубулма заргын. Бир өсүмдүктө 100 миңден ашуун урук бышат, уругунда 30% май бар. 10-15° С де жакшы өсүп, тамыры топуракка терең кетпейт (3 сантиметрге чейин гана). Бийик жана Лёзел заргынына жайытта төө, кой жакшы оттойт. Отоо чөп. Айрым түрүнүн уругунда уулуу зат - синигрин бар. Каршы күрөшүү чаралары: гербицид колдонуу, айдоону малалоо, заргынды өз убагында отоп жок кылуу жана башка.

Ой-пикирлер