Кирүү

Коллективдин социалдык өнүгүү планы

Коллективдин социалдык өнүгүү планы - белгилүү мезгилде (жыл, беш жылдык) өндүрүш коллективинин өнүгүшүнүн социалдык-экономикалык жагын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр жана иш чаралар комплекси. Тигил же бул колхоз же совхоз, агрардык-өнөр жай ишканаларынын ийгиликтүү иштеши үчүн өндүрүштүк маселелердей эле эмгек коллективинин социалдык өнүгүшүнө көп көңүл буруу керек. Тармактын экономикалык жана социалдык өнүгүү планынын бөлүгү болуп саналат.

Анда эмгекчилердин жалпы билимин жана маданий-техника деңгээлин, эмгекке комплекстүү мамиле жасоо, эң жогорку социалдык активдүүлүгүн көтөрүү жагы каралат. Эмгекчилердин бош убактысын көңүлдүү өткөрүүсүн уюштуруу иш чаралары, алардын маданий-тиричилик шартын жакшыртуу белгиленет. Социалдык маселелерди чечүүнү материалдык жактан камсыз кыла турган ишкананын пландары менен тыгыз байланышкан.

Мисалы, капиталдык курулуш, өндүрүштү реконструкциялоо жана модернизациялоо пландарында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана жумуш шартын жакшыртуу, оор күч эмгегин кыскартуу, эмгек квалификациясын жогорулатуу маселелери чагылдырылып, ал кадрларды даярдоо планында көрсөтүлүшү керек. Капиталдык курулуш планында турак жай жана маданий-тиричилик курулуш камтылып, ал коллективдин социалдык өнүгүшү менен байланыштуу болот.

Профессиялык союздардын бүткүл союздук Борбордук Совети жана ССРБ мамлекеттик пландоо комитетинин методикалык көрсөтмөлөрүнө ылайык айрым чарбалар же ишканалардын социалдык өнүгүү планына төмөндөгү бөлүктөр кирген: 1) Өндүрүш коллективинин социалдык-квалификациялык структурасынын өзгөрүү планы. Анда эмгекти көп талап кылуучу жумуштарды механикалаштыруу, эмгекти уюштурууну жакшыртуу, кызматчылардын өндүрүштүк квалификациясын жана билим деңгээлин көтөрүүнүн негизинде ар кыл категориядагы кызматчылардын структурасынын өзгөрүүлөрү чагылдырылат.

Кадрлардын бардык түрүн даярдоочу, ошондой эле алардын чарбаларда туруктуу иштөө жагы, кызматчылардын эмгек шартын жакшыртуу жана ден соолугуна кам көрүү планы каралат. Мында эмгектин жалпы шартын, ошондой эле санитардык-гигиеналык, санитардык үй тиричилик шартын, техника коопсуздугун сактоону жана башка жакшыртуу чаралары белгиленет. 2) Кызматкерлердин жана алардын үйбүлөсүнүн социалдык-маданий жана жашоо, үй тиричилик шартын жакшыртуу планы.

Ага чарбанын эсебиңен турак жай, мектепке чейинки балдар мекемелерин, пионер лагерлерин, маданийүй тиричилик ишканаларын, спорт аянтчаларын жана курулмаларын куруу иштери кирет. 3) Эмгекчилерге комплекстүү тарбия берүү жана коллективдин мүчөлөрүнүн эмгек жана коомдук-саясий активдүүлүгүн өнүктүрүү планы. Мында эмгекчилерди өндүрүштү башкарууга көбүрөөк тартуу, социалдык мелдешти кеңири жайылтуу, эмгек тартибин чыңдоо, партиялык окууларды уюштуруу иш-чаралары белгиленет.

Ой-пикирлер