Кирүү

Кант кызылчасынын кыргыз гибриди

Кант кызылчасынын кыргыз гибриди - кызылча сорту. Кант кызылчасы боюнча Кыргызстан тажрыйба-селекция станциясында сортторду гибриддештирүүдөн алынган. Мамлекеттик сорт китебине 1961-жылы катталган. Кызылчанын формасы сүйрү. Жалбырагы тик өсөт. Жер семирткичти арбын керектейт. Канттуулугу жогору, мол түшүмдүү. Башка сортторго караганда гектарынан 16-25 центнер кызылча, 1,3-4,2 центнер кант көп алынат. Илдетке чыдамдуу.

Ой-пикирлер