Кирүү

Геоботаника жөнүндө маалымат

Геоботаника (грекче өсүмдүктөргө таандык жер), фитоценология -ботаникалык илиминин жер бетиндеги өсүмдүктөрдү, алардын жамаатташтыгынын жыйындысын же фитоценозду изилдөөчү бөлүгү. Өсүмдүктү флористикалык жана геоботаникалык жол менен изилдейт. Флористикалык изилдөөдө өсүмдүктүн түрүнө, геоботаникалык изилдөөдө өсүмдүк жамаатташтыгынын мыйзам ченемдүүлүгүнө көңүл бөлүнөт.

Өсүмдүк менен чөйрөнүн (климат, топурак жана башкалар) байланыштуулугун аныктабай туруп, фитоценоздун пайда болушун, түзүлүшүн, таралышын, өнүгүшүн билүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан геоботаника илими географиялык жана өсүмдүк экологиясы менен тыгыз байланышта өнүгөт. "Геоботаника" терминин географиялык факторлорго жараша өсүмдүктүн таралышын жана абалын иликтөөчү ботаникалык илимий жыйындысын белгилөө үчүн немец ботаниги А. Гризебах сунуш кылган (1866).

XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башында геоботаника өсүмдүк менен кыртыштын байланышын изилдөөчү илим катары эсептелген. Азыркы түшүнүк боюнча өсүмдүк жамаатташтыктарынын жыйындысын изилдейт. Геоботаниканын практикалык мааниси зор. Ал токой, жайыт, шалбаа, саз жана башкаларды изилдөөчу илим тармактары менен тыгыз байланыштуу. Ошондой эле топурак, кыртыш, рельеф, климат жөнүндөгү геоботаникалык маалыматтар өсүмдүктөрдү райондоштуруу, жерди туура пайдаланууда колдонулат. Кыргызстанда геоботаника боюнча изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын Биология институтунда жана башка жерлерде жүргүзүлөт.

Геоботаникалык иликтөө

Геоботаникалык иликтөө - өсүмдүктүн негизги белгилерин (ассоциация, формация жана башкалар ), продукттуулугун аныктоо жана түрдүү масштабдагы картага түшүрүү. Геоботаникалык иликтөө табигый өсүмдүктү жакшыртуу, туура пайдалануу жана айыл чарба өндүрүшү үчүн аймакты туура уюштуруу (шалбаа, боздоң, чөл жана тоолуу аймактардын тоюттук жерлерин аныктоодо, ирригация-кургатуу иштерин долбоорлоодо жана башкалар ) максатында жүргүзүлөт. Өсүмдүк табигый шарттардын комплексинин (топурак, нымдуулук жана башкалар ) индикатору (көрсөткүчү) болуп эсептелет. Ошондуктан, геоботаникалык иликтөөнүн жаңы өздөштүрүлүүчү аянттарды пландаштырууда индикациялык мааниси чоң.

Геоботаникалык иликтөө - айыл чарбасында пайдаланылып жаткан же пайдаланылууга берилүүчү жерлердин табигый өсүмдүктөрүн туура пайдалануу үчүн жүргүзүлгөн чаралардын бири. Геоботаникалык иликтөөлөр жерге жайгаштыруу уюмдары менен бирге жүргүзүлсө, кичине (1:300 000-1:1 500 000), орто (1:100 000-1:300 000)жана чоң (1:10 000-1:50 000) масштабдуу геоботаникалык карталар түзүлөт. Алгачкы геоботаникалык иликтөөлөр жаңы жер фондусун табуу үчүн Ыраакы Чыгыш, Сибирь, Орто Азияда жүргүзүлгөн.

Революциядан кийин айыл чарбаны социалдык жол менен кайра курууга байланыштуу геоботаникалык иликтөөнү атайын экспедициялар (түзүмүнө топурак таануу боюнча адис, агроном, экономист, геоботаниктер кирген) жүргүзүшкөн. Азыр геоботаникалык иликтөөлөр мурунку союздук республикалардын атайын долбоорлоо институтунда, айрым илимий мекемелеринде жүргүзүлөт. Кыргызстанда геоботаникалык иликтөөлөр иштери Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын Биология институту, Кыргызстан тоют жана жайыт технология институту жана башка ишке ашырат. Геоботаникалык иликтөөлөрдүн натыйжасы коюлган максатка жараша болот.

Мисалы, табигый тоют өсүмдүктөрүн паспорттоонун негизинде аларды жакшыртуу боюнча агротехникалык чаралар иштелип чыгат жана эгилме шалбаа, жайыттарды түзүү үчүн мелиорациялык иштердин планы белгиленет. Боздоң жердеги кургак жайытта жүргүзүлгөн. Геоботаникалык иликтөөдө жайытты пайдалануу мөөнөтүн аныктоо, туура пайдалануу, жайыт которуу жана башка маселелерге көңүл бурулат. Геоботаникалык иликтөө жалпы методикалык принциптерин ССРБ илимдер академиясынын В. Л. Комаров атындагы Ботаникалык институтунун геоботаника. бөлүмү иштеп чыккан.

Ой-пикирлер