Кирүү

Данчы кампа күбөсү

Данчы кампа күбөсү - оюк канат күбөлөр тукумундагы көпөлөк. Дене узундугу 6-9 миллиметр. Алдыңкы канатында майда кара тактары бар. Жүгөрү, арпа, шалы, буудай, кара буудай, сулу, конок, кара күрүч, буурчак өсүмдүктөрүнүн данына зыян келтирет. Мурунку ССРБ нин аймагында эгин кампаларынын бардыгында, ошондой эле талаа зыянкечи катары да айрым жерлерде кезигет.

Көпөлөгү кампадагы данга жумуртка (50-150 дөн) таштайт. Жумурткадан пайда болгон малак данды оюп кирип, андан куурчакчага айланат. Куурчакчадан көпөлөк пайда болуп, сыртка чыкканда дандын капталында тешик из калат. Малагы, куурчакчасы данда кыштайт. Көпөлөктөрү алыс уча алышпайт. Каршы күрөшүү чаралары: кампаны тазалап, дезинфекциялоо, данды хлорпикрин же бромдуу метил, үрөндүк данды дихлорэтан менен фумигациялоо жана башка.

Ой-пикирлер