Кирүү

Кой текей өсүмдүк уруусу

Кой текей - татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу; көп, чанда эки жылдык чөп жана чала бадал. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашат. 170 тей түрү бар. Орто Европанын жана Жер Ортолук деңиз аймактарынан Чыгыш Азияга чейин өсөт. Мурунку ССРБ нин аймагында 80 ден ашык түрү (Кыргызстанда 18 түрү) Орто Азия жана Кавказда өсөт. Кээ бир жапайы кой текейдин тамыры желет. Европа жана Америкада жашылча катары өстүрүлөт. Кой текей балдуу өсүмдүк. Айрымдарынын (тоо сагыз, теке сагыз жана башка) тамырында каучук болот.

Ой-пикирлер