Кирүү

Ич көбүү

Ич көбүү - малда - кепшөөчү малдын карынына же ичегисине жел толуп калуудан пайда болуучу ылаң. Көбүнчө уй ылаңдайт. Ылаң айрым учурда катуу кармайт, кээде өнөкөт түрүндө болот. Катуу кармаган түрү мал ачыган же бузулган тоютту тоё жегенде, кургак тоюттан чыктуу тоютка өткөндө, колдо багуудан жайытка чыгарылганда, өнөкөт түрү ичеги-карын, боор оорусунун таасиринен улам пайда болот.

Тез пайда болгон жел карынды көңтүрүп, анын иштешин бузат, ички кан тамырларды, диафрагманы кысып, малдын дем алышын, кан айланышын басаңдатат. Мал кепшебей, чабалактайт, демигет. Убагында жардам көрсөтүлбөсө өлүмгө учурайт. Дарылоо: карынга жел чыгаруучу зонд киргизип, ич көптүрбөөчү дары (ихтиол, формалин жана башка) куюу. Айрым оор учурда троакар менен карынды тешип, жел чыгарылат. Алдын алуу: кепшөөчү малды тоюттандыруу эрежесин так сактоо.

Ой-пикирлер