Жибекчилик
Жибекчилик - айыл чарбанын жибек куртун өстүрүүчү тармагы. Мында пилла алуу максатында бакма (тыт жибек курту) жана жапайы жибек курту күтүлөт. Жибек куртунун бирден-бир азыгы тыт жалбырагы болгондуктан, жибек куртун асыроо тыт дарагын өстүрүү менен айкалыштырылат. Табигый чыныгы жибек алуу үчүн тыт жибек куртун өстүрүү Кытайда мындан 5миң жыл мурда башталган. ССРБ нин аймагында жибекчиликте иштөө Орто Азия менен Закавказьеде V-VII кылымдарда пайда болгон: Россияда революцияга чейин жибекчилик анча өнүккөн эмес.
Дүйнө жүзүндө адистештирилген ири жибекчилик совхоздор ССРБ де биринчи уюштурулган. Совет бийлиги жылдарында мамлекеттик грена заводдору, пилланы алгачкы иштетүүчү базалар, жибек түргүч фабрикалар курулган. Мамлекеттик жана колхоздук тыт питомниктери уюштурулуп, асыл тукум - селекция системасы түзүлгөн. Адис кадрлар даярдалган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 29 граммдык 1 курту гренадан (жибек курттун уругу) 56-57 килограмм пилла алынган. Алдыңкы чарбаларда орто эсеп менен 70- 80 килограмм, чыгаан звенолордо 100 килограмм чейин жетет.
ССРБ де 48,9 миң тонна пилла алынган (1980). Жибекчилик иши Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан жана башка республикада жакшы жолго коюлган. Жибекчилик Кыргызстандын түштүгүндө жакшы өнүккөн. Оштогу грена жыл сайын 450- 600 килограмм жибек куртунун уругун өндүрөт. Бирок биздин өлкөдө пилла алуунун орточо түшүмү жибекчилик жакшы өнүккөн Япония менен Кытайга жете бербейт.
Жибекчиликтин өндүрүштүк процесстери - тыт өстүрүү, грена чыгаруу, жибек куртун тоюттандыруу, пиллаларды алгачкы иштетүү (пилланын ичиндеги курт куурчакчасын өлтүрүү, пилланы кургатуу). Жибек куртунук породасын жакшыртуу, көбөйтүү иштерин жибекчилик илимий изилдөө институту жана асыл тукумдаштыруу станция жүргүзөт. Чет мамлекеттерден жибекчи Япония, Кытай, Индия ошондой эле Корея, Турция, Бразилия жана башка бир катар өлкөлөрдө дурус жолго коюлган.