Кирүү

Койкана

Койкана, кашар - кой багылуучу жай. Койканалар чарбаны табигый-климаттык шартына, анда асыралган породага жараша жалпы жана атайын болуп бөлүнөт. Жалпы койкана чакан, малы аз чарбаларда курулуп, ал тубар кой, кочкор жана төл үчүн өзүнчө бөлмөлөргө бөлүнөт. Атайын койкана 600-1000 соолукка, 1000-1200 токту-борукка же ирикке эсептелип курулат.

Койканада зооветеринардык талапка ылайык ар бир койго эсептелген орун: кышкы тууттагы козулуу койго 1,8-2,0 метр2, жазгы тууттагы козулуу койго 1,3-1,5 метр2, ар бир кочкорго 2,5-3,0 метр2, токту-борукка 0,8-1,0 метр2, ирикке 0,9-1,1 метр2. Мындай көрсөтүлгөн норманын негизинде кой короо "Г" жана "П" формасында салынып, ичи жылууланат; автоматтык сугаргыч, желдеткичтер жана башка менен жабдылып, кык, чыла чыгаруу, тоют таратуу иштери механикалаштырылат.

Ой-пикирлер