Кирүү

Картошка нематодасы

Картошка нематодасы - гетеродера - жумуру курттар классындагы мите курт. Дене узундугу сантиметрдей. Картошка, томат, ит жүзүмдүн тамырында мителейт. Мурунку ССРБ нин аймагында айрым жерлеринде кездешет. Картошка нематодасы - карантиндик объект. Картошка нематодасынын личинкалары цис-тада кыштап, жазында картошканын тамырына өтүп, 30-35 күндөн кийин нематодага айланат.

Ар бир ургаачысы 1200 гө чейин жумуртка таштайт. Жылына 1-2 жолу тукумдайт. Картошка нематодасынан жабыркаган өсүмдүктүн сабагы кыска өсүп, түп жалбырактары саргайып солуйт, түшүмү азаят. Каршы күрөшүү чаралары: карантин чектөө, картошка нематодасына туруктуу сорт эгүү, которуштуруп эгүү, аңызды өсүмдүк калдыгынан тазалоо, топуракка нематоциддерди - хлорпикрин, карбатион, немагон чачуу.

Ой-пикирлер