Кирүү

Мал-жан гастрити

Гастрит - малда карындын былжыр кабыкчасынын сезгениши. Малдын бардык түрү, айрыкча жылкы, чочко жана башка жандыктар ылаңдайт. Ылаң катуу жана өнөкөт түрүндө өтөт. Карын секрециясынын бузулушуна жараша нормациддүү (карында кычкыл жетиштүү өлчөмдө болот), анациддүү (кычкылы жок), гипациддүү (кычкыл аз), гиперациддүү (кычкылдуулук жогору) болот. Малдын катуу кармаган гастрити көгөргөн же чириген саман, чөп, картошка, кызылча, өтө кесек тоют жана башка менен тоюттандырып, булганыч суудан сугаруудан пайда болот.

Ылаңдуу мал жаталактап, чөп жебейт же аз жейт. Жылкы муздак нерселерди жалайт, кулгуйт. Уйдан сүт аз чыгат. Кандын составында лимфоцит көбөйүп, карындын тушу ооруйт, малдын тынчы кетет. Ылаң кабылдаса, ичке ичегилери да сезгенет. Карындагы тоют ачып, уулуу заттар организмди уулантып, калтырак басат. Малдын өнөкөт гастрити катуу кармаган гастритиндей эле өтөт. Гастрит ылаңына чалдыккан малдын карынын дезинфекциялоочу дары менен жууп, сиңимдүү тоют берилет. Ылаңдын алдын алуу үчүн мал зоогигиеналык эрежеге ылайык багылат.

Ой-пикирлер