Кирүү

Кара сулу

Кара сулу, кара сойлок - дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 0,5-1,2 метр, жалбырагы узун, ичке. Шыпыргы сымал топ гүлдүү (узундугу 30 сантиметрге чейин). Машагы чоң, 2-3 гүл ачат. Евразия, Түштүк Африкада өсөт; Түндүк Америка, Түштүк жарым шарга да таралган. Мурунку ССРБ нин аймагында бардык жеринде (анын ичинде Кыргызстанда) кездешет. Жаздык эгинди (айрыкча сулу, арпа, буудайды) калың басат; үрөнүнөн гана өнөт, бир өсүмдүк 600 гө чейин дан байлайт. Топуракты абдан кургатып, эгиндин сапатын төмөндөтөт, үрөндү булгайт. Түрлөрү: түндүк кара сулу, түштүк кара сулу, узун дандуу кара сулу жана башка. Булардын бардыгы - отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: таза буулантма айдоо, таза үрөн себүү, жол боюна, айдоо четине өскөн кара сулуга гербицид чачуу жана башка.

Ой-пикирлер