Көтөрүм болуу, арыктоо
Көтөрүм, арыктоо - зат алмашуунун бузулушунан, түрдүү ылаңдын таасиринен малдын арыктап, тура албай калышы. Бардык эле мал көтөрүм болушу мүмкүн. Көтөрүм үч баскычтан өтөт. 1-синде мал 15-20%, 2-синде 20-25%, 3-сүндө 30- 50 пайызга этинен түшөт. Салмагы 50% жана андан да азайганда өлөт. Көтөрүмдүн белгилери: мал улам арыктап, бат чарчайт, тамырынын кагышы, дем алышы начарлайт; кунары качат, жүнү түктөйүп, терисин какач басат.
- Канал казгыч
- Кыргызстан жайыт жана тоют технология илим изилдөө институту
- Жети-Өгүз заказниги
- Гидромеханикалаштыруу
- Креолин
Ой-пикирлер