Карантин өсүмдүк зыянкечи жана илдети
Карантин өсүмдүк зыянкечи жана илдети - өлкөдө кездешпөөчү же анын белгилүү бир аймагына гана таралган өтө коркунучтуу зыянкеч менен илдеттер. Бир нерсе аркылуу же өз алдынча таралып, айыл чарба өсүмдүктөрүнө чоң зыян келтириши мүмкүн. Бир өлкөдөн 2-сине өтүү же ошол эле өлкөнүн ичинде таралуу коркунучу дайыма болуп турат. XIX кылымдын 60-жылдары жүзүм филлоксерасы (жүзүмдүн коркунучтуу зыянкечи) Америкадан Европага, 1872-жылы Крымга таралган. Жер жүзүндөгү гозо айдалуучу аймактардын көпчүлүгүндөгү гозонун зыянкечи - гозо күбөсү (кызгылт курт) 1903-1910-жылдары Индиядан Египетке, андан Мексика менен Бразилияга (1911-1913), Түндүк Америкага (1916), Турцияга (1918-1919), Африкага (1921-1928), андан кийин пахта уругу менен кошо Түндүк Америкадан Грецияга (1925), Югославияга (1946) таралган.
Революцияга чейин айыл чарба өсүмдүк зыянкечтери менен илдеттерине каршы натыйжалуу күрөшүү чаралары жүргүзүлгөн эмес. ССРБ де каршы күрөшүү картошка рагы, кызгылт курт, жүзүм филлоксерасына каршы күрөшүү боюнча карантин мыйзамы чыккандан кийин башталган (1925). ССРБ айыл чарба министрлигинин (кийин ССРБ мамлекеттик агрардык өнөр жай комитети) жаңы уставында (1980-жыл, 24-май) карантин өсүмдүк зыянкечи жана илдетинин тизмеси берилген. ССРБ де карантин чектелген айрым өсүмдүк зыянкечтери: азия гозо үкүчөсү, алма чымыны, америка ак көпөлөгү, алмурут көпөлөгү, жүзүм филлоксерасы, картошка күбөсү, кытай данчысы, япон коңузу жана башка. Мурунку ССРБ нин аймагында карантин чектелген айрым өсүмдүк илдеттери: буудайдын сары (былжырлуу) бактериозу, гиацинт сары чириги, гозо антрокнозу жана жүгөрүнүн бактериялык солушу (вилт), жүгөрүнүн түштүк гельминтоспориозу, картошка рагы, техас тамыр чириги, хризантема аскохитозу жана башка.