Кирүү

Бөрү карагат

Бөрү карагат -бөрү карагаттар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Дайыма жашыл же күбүлмө жалбырактуу бадал, айрымдары анча чоң эмес дарак. Сабагы кырдуу, бутактуу, жалбырагы жөнөкөй, калың, кезектешип жайгашат. Узун өркүнү тикенге айланган. Гүлү майда, өңү сары, өркүндүн учунда топтошуп өсөт, кош жыныстуу. Мөмөсүнүн өңү кара же кызыл, 1-5 уруктуу, даамдуу.

Бөрү карагаттын 500 түрү Евразия, Америка жана Түндүк Африкада ; мурунку ССРБ нин аймагында (Орто Азия менен Кавказда) 17, анын ичинде Кыргызстанда 3 уруусунун 10 түрү өсөт. Кадимки бөрү карагат көп кездешет. Балдуу, дарылык өсүмдүк. Тамыры менен кабыгы жүн, тери боёодо колдонулат. Бөрү карагат айыл чарба өсүмдүктөрүн дат илдетине чалдыктыргандыктан аларга жакын жерге өстүрүүгө болбойт. Казакстанда өскөн 2 түрү (Каркаралин жана Иле бөрү карагаты) мурунку ССРБ нин Кызыл китебине катталган.

Ой-пикирлер