Кирүү

Ак баш же камак өсүмдүгү

Ак баш, камак - татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 150 смдей, бутактуу; жалбырагы сүйрү, жөнөкөй, чети тегиз эмес. Майда, кызыл, себетче топ гүлдүү. Тамыры жерге 2-3 м терең кирет. Сабак тамырындагы кошумча бүчүрдөн апрелде жаш өркүндөр өсүп чыгат.

Уругу жылуулукта жакшы өнөт. Иранда, МЭРде көп таралган. Орусиянын Европа бөлүгүнүн түштүк-чыгышында, Орто Азиянын шалбаалуу жерлеринде, өзөндөрдө өсөт. Сугат жерлердеги бедеге, эгинге зыяндуу отоо чөп. Кысыр аңызга жыш чыгат.

Каршы күрөшүү чаралары: жерди 25-30 сантиметр терең коңторуп айдоо, топуракты шордон арылтуу.

Ой-пикирлер