Кирүү

Жүзүм кенеси

Жүзүм кенеси - галл (шишик) пайда кылуучу кене түрү. Дене узундугу 0,16-0,20 миллиметр, сүйрү, ак же сары. Оозунда соргучу бар. Жүзүм кабыгынын жана бүчүрлөрүнүн астында кыштайт. Өтө көбөйгөндө жалбырактын үстүңкү бетинде галлдар, астыңкы бетинде адегенде ак, кийин күрөң кеберлер пайда болот. Жабыркаган жалбырак куурап, бутактарынын өсүшү начарлайт. Каршы күрөшүү чаралары: эрте жазда (бүчүрү ачыла электе) ДНОК, өркүндөрү 5 сантиметрге жеткенде күкүрт чачылат.

Ой-пикирлер