Кирүү

Жер пайдалануу чеги

Жер пайдалануу чеги - ар бир жер пайдалануучулардын (чарба жана башка ) чек арасын планда белгилеп же жер бетинде бөлүп туруучу сызык. Жер пайдалануу чеги геодезия же аэросүрөт геодезиясысынын эрежеси боюнча аныкталат жана анын негизинде техника жана. укуктук документтер түзүлүп, жер пайдалануучуларга берилет. Жер пайдалануу чеги кургак жер, дарыя, канал, жол аркылуу өтөт. Жер пайдалануу чеги жанаша жайгашкан чарбалардын кызыкчылыгы эсепке алынып, мүмкүн болушунча түз бөлүнөт. Чек аранын бурулушуна бийиктиги 1,5 метр, жоондугу 15 сантиметр мамы орнотулат.

Ой-пикирлер