Кирүү

Кыргызстан жайыт жана тоют технология илим изилдөө институту

Кыргызстан жайыт жана тоют технология илим изилдөө институту - Кыргыз республикалык тоют, жайыт жана мелйорация курулушу илимий өндүрүш бирикмесинин башкы илимий мекемеси. 1976-жылы Республикалык тоют өсүмдүк өстүрүү тажрыйба станция менен Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунун жайыт жана тоют бөлүмүнүн базасында уюшулган. Негизги милдеттери: республикадагы тоют жана жайыт чарбасын ар тараптан жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануунун илимий системасын иштеп чыгуу.

Институттун бөлүмдөрү (1987): жайыт жакшыртуу жана пайдалануу (бөлүмдүн 2 лабораториясы бар: жайыт жакшыртуу, жайыт пайдалануу); эгилме жайыт жана чабынды; тоют топтоо; жайытта жер семирткич жана гербицид колдонуу; тоют өсүмдүк селекциясы жана үрөнчүлүгү (3 лабораториясы бар: өрөөндүү жерлерде өстүрүлүүчү тоют өсүмдүк селекциясы, тоолуу жерлерде өстүрүлүүчү тоют өсүмдүк селекциясы, тоют өсүмдүк клетка селекциясы жана иммунитети); беде үрөнчүлүгү; тоют даярдоо экономикасы жана уюштуруу; илимий-техника иштеп чыгууларды уюштуруу жана өндүрүшкө киргизүү; лабораториялары: келечектүү тоют өсүмдүк; тоют өсүмдүктөрүн коргоо; агрохимия жана тоют сапатын аныктоо; тоют даярдоо технологиясы; Сокулук (Сокулук району) жана Бөрү-Баш (Ысык-Көл областы, Ак-Суу району) үрөнчүлүк тажрыйба чарбалары бар. Институтта табигый жайыт чөбүнүн өсүшүнө жер семирткичтин тийгизген таасиринин мыйзам ченемдүүлүгү аныкталып, деңиз деңгээлинен 2400-3200 метр бийикте эгилме чабынды түзүү үчүн табигый тоют чөптөрүн өстүрүүнүн агротехникасы иштелип чыккан; тоют чөбүнүн 14 сорту чыгарылып, анын 7 сорту райондоштурулган (1985).

Ой-пикирлер