Кирүү

Кофеин

Кофеин - алкалоид. Кофе данында, чай жалбырагында, кола жаңгагында болот; синтездик жол менен да алынат. Даамы ачуу ак кристалл зат. Муздак сууда начар, ысык суу, спирт, эфирде жакшы эрийт. Натрий салицилаты, бензоаты менен жакшы эрүүчү кош туз пайда кылат. Кофеин борбордук нерв системасын, өзгөчө дем алуу жана кан тамыр-кыймыл борборлорун дүүлүктүрүп, жүрөктүн иштешин жакшыртат, тонусту жогорулатып, газ жана зат алмашууну күчөтөт.

Мээнин жана жүрөктүн кан тамырларын кеңейтет. Сууда начар эригендиктен таза кофеин аз колдонулуп, көбүнчө натрий бензоаты менен комплекстүү тузу пайдаланылат. Ветеринарияда кофеин мал жугуштуу жана жугушсуз ылаңга чалдыгып, дем алуусу начарлаганда, кан басымы төмөндөп, жүрөк-кан тамыр системасы начар иштеп, борбордук нерв системасы жабыркаганда пайдаланылат.

Ой-пикирлер