Кирүү

Витаминдүү дары-дармек

Витаминдүү дары-дармек - малды тез жетилтүү, ылаңын дарылоо, алдын алуу үчүн колдонулуучу түрдүү витаминден (А, В, С, Д жана башкалардан ) даярдалган дары-дармек. Витаминдүү дары-дармек жаш, бооз жана саан малга, туутта, жараат, экзема, сарык, итий жана башка ылаңдарда берилет: Ветеринарияда колдонулуучу витаминдүү дары-дармектер : А витаминдүү дары-дармек - каротин, каротол, ретинол ацетат, ретинол ацетаттын май эритмеси, аквитал дафасол (А жана Дз витаминдеринин аралашмасы), китол, А витамининин экстракты, концентраты жана башкалар ; В витаминдүү дары-дармек - тиамин-бромид, тиамин-хлорид, кокарбоксилаза, рибофлавин, пиридоксин гидрохлориди, цианкобаламин, муковит В12, камполон жана башкалар ; Д витаминдүү дары-дармек - эргокальциферол, видеин; С витаминдүүдөн - аскорбин кычкылы; Е витаминдүүлөр - токоферол ацетет, чычырканак майы, фехолин, К витаминдүүдөн - викасол, Р витаминдүүлөр - рутин, урутин, рутамин; Р витаминдүү дары-дармек -линол, линолен, арахидин кычкылдарынын кобальт, марганец туздары. Бир нече витаминдүү дары-дармекке аснитин, телоравит, гексавит, ундевит жана башка кирет.

Ой-пикирлер