Кирүү

Дары гүлкан

Дары гүлкан - гүлкайырлар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Евразияда 12дей түрү, СССРде 8 түрү бар. Сабагы түз, бийиктиги 60-150 сантиметрдей ; жалбырагы тегерек, айрымдарыныкы сүйрүрөөк. Гүлү күлгүн кызыл, жалбырак колтугунда жайгашат.

Мөмөсү - көп уруктуу данча. Июнда гүлдөп, июль-августта уругу бышат. Батыш Европа, Азияда, мурунку ССРБ нин аймагында Батыш Сибирь, Казакстан, Орто Азия, Кавказда өсөт. Дары гүлкандын (айрыкча тамырынын) дарылык мааниси чоң. Кургатылган тамырында 35% былжыр зат (пентозан, гексозан) бар. Ал медицина, ветеринарияда сезгенич ооруларга каршы колдонулат. Эгилме түрү Украинада, Краснодар крайында өстүрүлөт.

Ой-пикирлер