Кирүү

Инфекция

Инфекция (лат. infectum - жуктурам) - мал же өсүмдүк организмдери менен патогендик (ылаң, илдет козгогуч) микробдордун ортосундагы өз ара татаал процесс; организмге дарт пайда кылуучу микроорганизмдердин кириши. Микробдун дарт пайда кылуу таасири микроорганизмдин ошол дартка каршы коргонуу реакциясын күчөтөт. Жугуштуу ылаңды ылаң козгогуч пайда кылат. Ылаңдын букма мезгили болот. Ылаңдап айыккан малда адатта иммунитет иштелип чыгат. Бирок көп учурда инфекциянын клиникалык белгилери билинбей өтөт (белгилери жок, билинбеген инфекция ).

Инфекциянын өзгөчө түрү - микроб алып жүрүүчүлүк. Инфекциянын пайда болушу, белгилери жана натыйжасы ылаң козгогуч микробко, малдын иммундук биологиялык абалына, сырткы чөйрө шартына жараша болот. Уулуу микробдор малдын организмине тери, дем алуу жана тоют сиңирүү органдарынын былжыр чел кабыкча жана башкалары аркылуу кирип, көбөйүп, организмдин коргонуу реакциясын басып, уулуу зат бөлүп чыгарат. Инфекция ылаңдуу же таза (микроб алып жүрүүчү) малдан тоют, суу жана башка аркылуу жугат.

Эгерде ылаң козгогуч сырткы чөйрөдөн жукса сырткы (экзогендик) инфекция, малдын инфекцияга туруктуулугу начарлаганда организмде мурдатан сапрофит катары жүргөн микроб пайда кылса ички (эндогендик) инфекция деп аталат (мисалы, пастереллёз ылаңы). Инфекцияны ылаң козгогучтун бир түрү пайда кылса жөнөкөй, эки же андан көп микроб түрү катышса аралаш инфекция (мисалы, уйдун бир эле мезгилде бурцеллёз жана туберкулёз менен ылаңдашы) болуп эсептелет. Организм айрым патогендик микробдон арылгандан кийин да ал микроб кайра кабылдап, мал экинчи жолу ылаңга чалдыкса реинфекция деп аталат.

Эгерде реинфекция айыгып келе жаткан мал ылаң козгогучтан толук арыла электе пайда болсо, суперинфекция делет. Патогендик микроб инфекция процессине активдүү катышат, бирок инфекция түрү жана натыйжасы көп учурда мал организминин коргонуу күчүнө жараша болот. Малдын ылаңга туруктуулугу алардын породасына, жашына, эркек-ургаачысына жараша болуп, сырткы чөйрөгө карата өзгөрүп турат. Малды жугуштуу ылаңдарга чалдыктырбоо үчүн туура тоюттандыруу, зоогигиена эрежелерин сактоо, малды инфекцияга каршы иммундоо аркылуу жетишилет.

Ой-пикирлер