Кирүү

Колхоздун накта кирешеси

Колхоздун накта кирешеси - колхоздун дүң кирешесинин бир бөлүгү. Колхозчулардын эмгегинен түзүлүп, коомдук чарбаны өнүктүрүүгө жумшалат. Колхоздун накта кирешеси дүң киреше наркы менен чыгымдалган материал-акча каражаттарынан (эмгек акы жана социалдык камсыздоого кеткен акча каражаттары кошо) айырмасынан турат. Накта кирешенин өлчөмү товардык продукция өлчөмүнө, анын сапатына, сатуу мөөнөтүнө жана продукциянын өз наркына жараша болот.

Колхоздун накта кирешеси чарба ишинин натыйжалуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелет. Чарбанын кеңири кайталанма өндүрүштү камсыз кылышы, экономикалык кызыктыруу фондусун түзүү накта кирещенин өлчөмүнө жараша болот. Накта кирешени көбөйтүүнүн негизги жолдору:. өндүрүштү илимий негизде өнүктүрүү, айыл чарба продуктусун арбын өндүрүп, анын өз наркын төмөндөтүү.

Ой-пикирлер