Кирүү

Актиномицеттер бактериясы

Актиномицеттер - бутактанган клеткаларды же гифтерди пайда кылуучу бактериялар. Клеткаларынын диаметри 0,5-2,0 мкм. Актиномицеттердин 8 уруусу, 49 тукуму, 670ге жакын түрү бар. Алар: микобактериялар, нокардиялар, стрептомицеттер жана башкалар. Актиномицеттер топурак, көлмө, абада жана өсүмдүк калдыгында көп кездешет. Алар көбүнчө сапрофиттер; өсүмдүк жана жаныбар калдыктарынын бузулуп ажыроосуна катышат. Актиномицеттердин кишинин оорусун жана малдын ылаңын козгоочу (актиномикоз, туберкулёз ж. б.) түрлөрү да бар. Айрымдары өсүмдүктү илдетке чалдыктырат.

Актиномицеттер топурактагы аммонийлешүү, клетчатканын ажырашы, чириндинин пайда болушу жана башка процесстерге катышат. Көпчүлүк актиномицеттер антибиотиктерди пайда кылат. Бул антибиотиктер дагы заттарды (стрептомицин, терримицин, неомицин ж. б.) алууда, өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө, төлдү тез жетилтүүдө колдонулат. Ошондой эле пигмент, амин кычкылдары жана башка биологиялык активдүү заттарды пайда кылуу менен микробиологиялык өндүрүшүндө колдонулат.

Ой-пикирлер